24.kg
10:28, 15 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 85 өлүм катталды. Анын 74ү пневмониядан кайтыш болду

Өткөн сутка ичинде 11 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Бишкек шаарында төрт бейтап кайтыш болду. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан — 63 жаштагы эркек, № 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан — 64 жаштагы эркек, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 72 жаштагы аял, Улуттук фтизиатрия борборунда 64 жаштагы бейтап.

Жайыл аймактык ооруканасында 54 жана 61 жаштагы, Баткен облустук ооруканасында 49 жана 58 жаштагы, Ноокат аймактык ооруканасында 53 жаштагы, Тоң аймактык ооруканасында 58 жашта жана 36 жаштагы бейтаптар набыт болду.

Бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду.

Алардын ичинен аймактарда 57 адам, анын ичинен 20 адам өткөн 3 айда Ысык-Көл облусунда набыт болгондор. Бишкекте 17 адам көз жумду.

Март айынан бери пневмониядан 571 адам, вирустан 160 киши каза тапты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18