24.kg
10:16, 15 июля 2020, 24.kg

Түркия Кыргызстанга жардам катары кычкылтек концентратор, ПЦР-тест жөнөттү

Түркия тарап Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен Туркиянын өлкө башчысы Реджеп Эрдоган гуманитардык жардам тууралуу 2020-жылдын 6-июлунда телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

7-июлда Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөтү тез арада саламаттыкты сактоо жаатында гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча өлкөлөрдүн ортосунда өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюуга тапшырышкан

Меморандумга ылайык, гуманитардык жардам Кыргызстанга төмөнкүдөй формада жөнөтүлөт:

— 20 механикалык желдетүү аппараты (ИВЛ);

— 50 кычкылтек концентратору;

— 20 миң комплект ПЦР-тести;

— вирусту аныктоо үчүн 20 миң комплект реагенттер;

— 50 миң N95 коргоочу маска;

— 100 миң хирургиялык маска;

— 35 миң коргоочу костюм;

— 2 миң коргоочу тосмосу бар маска;

— 10 миң пачка гидроксихлорохин таблеткалары.

Кыргызстанга жүктөрдү жөнөтүү Түркиянын аба каттамы аркылуу 2020-жылдын 15-июлунда жүзөгө ашырылат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18