24.kg
17:51, 14 июля 2020, 24.kg

Бишкекте 78 мектеп бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестатына ээ болду

Бишкекте 78 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпы 6 миң 592 бүтүрүүчү мектепти аяктады, 9-классты аяктагандардын саны 13 миң 310.

«Бул окуу жылы ата-энелер менен балдар үчүн эң өзгөчө жылдардан болду. Пандемиянын кесепетинен балдар аралык окууга өтүп, экзамен тапшырып, окууга тапшырууга даярданышты. Жыл сайын окууда өзүн мыкты көрсөткөн мектеп окуучуларынын арасында орто билим боюнча артыкчылык аттестатын алуу үчүн «Алтын Тамга» кошумча тестирлөө өтөт. Бул жылы артыкчылык аттестатын 78 бүтүрүүчү алды», — деп билдирет мэриянын пресс-кызматы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18