24.kg
15:26, 14 июля 2020, 24.kg

Марат Мураталиев: Таласта абал туруктуу жана баары жетиштүү

Талас облусунда абал туруктуу жана эч кандай муктаждык жок. Бул тууралуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев маалымдады.

Анын айтымында, Талас облусу боюнча күндүзгү стационарларда 661 орун даярдалган. Күндүзгү стационарларга жалпы 6 миң 291 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Учурда 1 миң 554 бейтап дарыланууда.

"Бүгүнкү күндө ар бир айылдагы фельдшердик пункттарда, Таластагы ден-соолук — дарылануучу борборлорунда орундар даярдалды. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Эгер оорунун белгилери байкалса күндүзгү стационарларга, поликлиникаларга медициналык жардам сурап кайрылуу абзел. Ошондой эле үйдөн өз алдынча дарыланбоо боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - дейт Марат Мураталиев. 

Талас облусу боюнча 9 рентген-аппарат иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Талас облусу боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 95ке жетти: Талас облусу — 45, Талас району — 17, Манас району — 15, Бакай-Ата району — 13, Кара-Буура районунда— 5 учур.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18