24.kg
14:27, 14 июля 2020, 24.kg

Россияда коронавирус илдетинен улам бир суткада 175 бейтап көз жумду

Россияда акыркы сутка ичинде 175 бейтап коронавирус илдетинен улам көз жумду. Бул тууралуу Россиянын ыкчам штабы маалымдады.

Маалым болгондой, коронавирустан каза болгондордун көпчүлүгү Москвада — 37 жана Санкт-Петербургда — 31 катталган.

«Россия Федерациясы боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 11 миң 614кө жетти. Пандемия башталгандан бери жалпысынан 739 миң 947 адамга коронавирус диагнозу коюлган, алардын 512 миң 825и ооруканадан чыгарылды. Ал эми учурда 273 миң 5 миң адам медициналык көзөмөлдө», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18