24.kg
13:59, 14 июля 2020, 24.kg

Пакистандык студент кыргыз дарыгерлерине акысыз жардам берүүгө даяр

Эл аралык жогорку медициналык мектебинин бешинчи курсунун студенти Аббас Али Шах Бишкекке билим алуу үчүн Пакистандан келген. Ал коронавируска каршы күрөшүүдө биздин дарыгерлерге өз ыктыяры менен акысыз жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине өзү билдирди.

 

Аббас Али Шах иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүп өкмөткө кайрылган.

«Мен Кыргызстанда дарыгерлер аз экендигин билем. Анын үстүнө, коронавирус жагдайы көзөмөлдөн чыгып бара жатат. Эгер өкмөт дарыгерлер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берсе, мен акысыз иштөөгө даярмын. Кыргызстан — менин экинчи мекеним. Ушул оор кырдаалда адамдарга жардам бергим келет. Эгер бийлик мага уруксат берсе, мен аларга абдан ыраазы болом», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18