24.kg
11:54, 14 июля 2020, 24.kg

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси күн сайын 22 дарыгерди түштөндүрүүдө

Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретти үй-бүлөсү менен биргеликте Бишкектеги ооруканаларда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди күн сайын түшкү тамак менен камсыздап жатат. Бул тууралуу Чарльз Гарретти өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

«Бишкектеги ооруканаларда эмгектенип жаткан дарыгерлер үчүн түшкү тамак. 22 баатырга 22 тамак. Сиздер биз үчүн күн сайын оор шартта илдет менен күрөшүп жатасыздар. Чооң рахмат силерге!», — деп жазган.

Кызык, эмне үчүн депутаттар менен аткаминерлердин аялдары элдин саламаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине тамак даярдашпайт?

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18