24.kg
10:55, 14 июля 2020, 24.kg

Ноокатта каза болгон кишинин өлүмүнө жергиликтүү базардын соодагерин айыпташууда

Ноокат районунун жергиликтүү базарында табылган эркек кишинин өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 48 жаштагы кишинин сөөгү 4-июнда жергиликтүү базардан табылган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан бир нече күн өткөндөн кийин анын туугандары милицияга кайрылып, ал өзүнүн өлүмү менен өлгөн жок деп айтышкан.

«Ошол эле учурда, туугандары эксгумациядан баш тартышты. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө, алар ошол күнү маркум менен чогуу спирт ичимдигин ичип отурушкан, көп өтпөй ал эсин жоготуп кулап калган. Маркумдун туугандары бул көрсөтмөнү четке кагып, ал зордук-зомбулуктун айынан каза болду деп төгүндөшүүдө. Алардын айтымында, жергиликтүү соодагер маркумду өлтүрүп салган болушу мүмкүн», — деп кошумчалады Ош облусунун ИИБнин пресс-кызматы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18