24.kg
10:04, 14 июля 2020, 24.kg

Бишкекке Екатеринбургдан 186 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан 186 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, алар Aviatraffic авиакомпаниясы аркылуу чартердик рейс менен келишкен. Алардын арасында Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехарда, Кургана, Ноябрьск жана Перми шаарларынан Кыргызстанга келүүгө зарыл болгон жарандар бар.

Аны менен катар коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн чакырылган беш медициналык кызматкер дагы келди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18