24.kg
17:50, 13 июля 2020, 24.kg

Саякат, телефонго топтолгон акча. Балдардан вируска каршы күрөшкө кол кабыш

Социалдык тармактарда жаш балдардын коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн көптөн бери топтогон акчаларын берген видеолор жүктөлүүдө.

Буга чейин Демилгелүү жаштар борбору, Бишкекте кичинекей кыз интернеттен өлкөдөгү абал тууралуу көргөн соң саякатка чыгууга топтоп жүргөн тыйындарын дарыгерлерди колдоо иретинде алып келгенин маалымдашкан.

Ошондой эле дагы бир мектеп окуучусу телефон алууга чогултуп жүргөн 4 миң 440 сомун медиктерди колдоого жумшаган.

Тон районунда төртүнчү класстын окуучусу чогултуп жүргөн акчасын Кажы-Сай шаарындагы пандемияга каршы түзүлгөн фондго берген.

«Мен Койчубеков Айдин А.С.Пушкин атындагы мектептин 4-классынын окуучусумун. Бир жылдан бери чогултуп жүргөн акча чогулткучумду бузуп, Кажы-Сай пандемияга каршы күрөшүү фондуна берем», — дейт ал.

Ал эми Таластык 10 жаштагы бала жергиликтүү ооруканага топтолгон 4 миң 571 сомун курман кылган.

«Менин аным Нуртилек. Мен жаңы телефон сатып алууга акча чогулткам. Бирок биздин ооруканага акча керек экендигин укканымда аны буздум», — дейт 10 жаштагы бала.

Кадр артындагы киши жаш балага ыраазычылык билдирип, аткаминерлерди бул баладан үлгү алууга чакырды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18