24.kg
15:53, 13 июля 2020, 24.kg

Токтогулда абактан качып кеткен жаран Баткенде киши өлтүрүү айыбы менен кармалды

Кызыл-Кыя шаарында 46 жаштагы жаран киши өлтүрүүгө айыпталып кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү эрте менен Кызыл-Кыя шаарынын Пионер көчөсүндө өздүгү такталбаган эркек адамдын жансыз денеси табылган. Анын аркасына учтуу нерсе менен бир канча жолу сайылгандыгы, колу бетинде ар түрдүү жарааттардын бардыгын, башкача айтканда киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталып, маркум Кызыл-Кыя шаарынын 36жаштагы тургуну экендиги такталат.

13-июль күнү кылмышка шектелип Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттин жанынан 46 жаштагы жаран кармалат. Ал Бишкекке жөнөп жаткан.

ИИБсынын маалыматында, шектүү Токтогул шаарындагы жаза аткаруу мекемесинен 2019-жылдын сентябрь айынан бери издөөдө жүргөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18