24.kg
11:19, 13 июля 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министринин жана анын орун басарынын абалы туруктуу

Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы туруктуу. Бул тууралуу брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, алар учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ооруканадан качан чыгышаары азырынча белгисиз, дарыгерлер бул тууралуу маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Сабиржан Абдикаримов менен Нурболот Үсөнбаев даылануу үчүн чет мамлекетке жиберилет экен деген маалымат тараган. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты четке какты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18