24.kg
11:00, 13 июля 2020, 24.kg

Өкмөт: дарыгерлерди тосуп алуу иштерине Саламаттыкты сактоо министрлиги жооптуу

12-июлда «Аэрофлот» россиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Кыргызстанга 45 ыктыярдуу дарыгер Москвадан учуп келди. Алар коронавирус жана пневмония илдеттерине каршы күрөшүп жаткан саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам берүүгө аттанышкан. Бирок аларды «Манас» эл аралык аэропортунан эч ким тосуп алган эмес.

Өкмөттүн аппараты түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, дарыгерлери тосуп алуу иштерине Саламаттыкты сактоо министрлиги жооптуу. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аларды аэропорттон тосуп алууга милдеттендирилген эмес.

Аткаминерлер кошумчалагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги маанилүү себептер менен Кыргызтанга келген ыктыярдуу дарыгерлерди тосуп ала алган эмес. Учурда ал маанилүү себептер тууралуу так маалымат жок.

Буга чейин Шахмат федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков, ыктыярдуу дарыгерлерди вице-премьер Акрам Мадумаров жана Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов тосуп алышы керек болчу деп маалымдаган.

Эске сала кетсек, Москвадан келген дарыгерлер стационарларда кызыл зоналарда иштешет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18