24.kg
10:27, 13 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 19 бейтап вирустан, дагы 29 пневмониядан набыт болду

Өткөн сутка ичинде 15 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынанда бир суткада 4 адам набыт болгон. Алардын 56, 56, 46 жашта үч эркек жана 60 жаштагы аял кайтыш болду.

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында — 70 жана 71 жаштагы аялдар көз жумду.

Нарын облусунда 2 адам вирустан көз жумду. Анын бир Ак-Талаа аймактык ооруканасында, экинчиси Ат-Башы аймактык ооруканасында набыт болушту.

Жайыл аймактык ооруканасында 5 бейтап кайтыш болду.

Баткен облусунун Кадамжай аймактык ооруканасында бирөө жана Лейлек аймактык ооруканасында дагы бирөө көз жумду.

Ооруканаларда бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду.

Ооруканаларда бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду.

Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам.

Март айынан бери пневмониядан 452 адам, вирусу ырасталган 147 набыт болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18