24.kg
09:51, 13 июля 2020, 24.kg

Дүйнөлүк сулуулук сынагынын катышуучусу бет кап тигип, акысыз таратууда

«Дүйнө сулуусу-2019» сулуулук сынагынын катышуучусу Екатерина Заболотнова бет кап тиккенди билгендерди жана ыктыярчы болгусу келгендерди катарына кошулууга чакырат. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине өзү маалымдады.

Анын айтымында, Екатерина Заболотнова апрелде эле бет кап тигип баштаган.

«Бет кап тигүүгө материал алуу үчүн эч кимден акча сурабайм, азырынча өзүм топтогон каражат бар. Күн сайын дарыгерлер ар бир бейтаптын саламаттыгы үчүн оору менен күрөшүшөт. Мен жок дегенде ушул маселени жеңилдетким келет. Бардык жарандар бет кап кийип, санитардык стандартка ылайык тартип сактоолорун каалайм. Айрым адамдар бар, каржылык жактан аксагандыгы үчүн бет кап сатып ала албай, бир бет капты көп ирет тагынышат. Ушунун айынан алар ден-соолуктарынан дагы үнөмдөөгө мажбур болушат. Ал эми кээ бирлери бир жолку колдонулуучу бет капты жууп тагынып жатышат», — дейт Екатерина Заболотнова.

Ошондой эле ал, бет кап тигүүгө мүмкүнчүлүгү бар кыргазстандыктарды чекеде карап туруунун ордуна катарга кошулууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18