24.kg
15:48, 11 июля 2020, 24.kg

12-июлда Москвадан Бишкекке 50 ыктыярчы дарыгер келет

12-июлда Москвадан Бишкекке 50 ыктыярчы дарыгер келет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Москвадан келген ыктыярчы дарыгерлер бир ай боюу тамак-аш, жатакана менен менен камсыз болот.

«Дарыгерлердин тамак-аш жана жатакана маселеси демөөрчүлөр тарабынан чечилди. Ыктыярчы 50 дарыгер эртең Кыргызстанга жөнөтүлөт», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 9 миң 910го жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18