24.kg
14:20, 11 июля 2020, 24.kg

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 12,4 миллионго жетти

Акыркы сутканын көрсөтмөсү боюнча дүйнө жүзүндө 238 миң 888 бейтаптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн-карта тастыктайт.

Photo 170145

Дүйнө жүзү боюнча жалпы 12 миллион 232 миң 745 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 3 миллион 184 миң 573 АКШда катталды. Бразилияда —1 миллион 800 миң 827, Индияда — 793 миң 802, Россияда — 712 миң 863, Перуда — 312 миң 646, Чилиде — 309 миң 274 жана Улуу Британияда — 289 миң 678 учур.

Коронавирус жалпы 188 өлкөгө жетти.

COVID-2019 вирусунан айыккандардын саны 6,8 миллион адам. Бир сутка ичинде 104 миң 871ге өстү.

Каза болгондордун саны 559 миң 568ге жетти. Шейшембинин таңкы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 5 миң 208ге өстү. Анын ичинде АКШда — 134 миң 92, Бразилияда — 70 миң 398, Улуу Британияда — 44 миң 735, Италияда — 34 миң 938, Мексикада — 34 миң 191.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 9 миң 910, Казакстанда — 54 миң 747, Өзбекстанда — 12 миң 27, Тажикстанда — 6 миң 457.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18