24.kg
14:05, 11 июля 2020, 24.kg

Чубак ажы Жалиловду акыркы сапарка узатуу зыйнатына келгендердин видеосу тарады

Социалдык тармактарда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдакы муфтийи Чубак ажы Жалиловду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы видео тарады.

Видеодо байкалгандай, маркумдун сөөгүн коргонуучу костюм кийгендер алып келген жана алар аралыкты сактоого чакырышкан. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жүздөгөн жарандар келишкен. 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Чубак ажы Жалилов бүгүн түнү бул дүйнө менен кош айтышты. Алдын ала маалыматтарга караганда андан пневмония илдети аныкталган. Чубак ажы Жалилов 45 жашта болчу.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18