24.kg
15:56, 10 июля 2020, 24.kg

Муфтият дүйнөлүк пандемияга каршы түлөө өткөрдү

Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы бүгүн Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитте түлөө өткөрдү. Бул тууралуу муфтият маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, муфтият элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалып, түлөө өткөрдү.

Анда оорудан кайтыш болгондорго арналып куран окулду.

«Жараткан Алла Таалам башыбызга келген оор сыноодон жеңил өткөрсүн. Оорудан каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштен төр насип этсин. Илдеттен жабыр тартып жаткан мусулман бир туугандарга эртерээк шыпаа берип, дарыгерлерибизге күч кубат, элибизге аманчылык берсин. Алла Таалам жакшы күндөрдү тартуулап, элибизди оору сыркоодон алыс кылсын. Элибизге биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун. Жетекчилерге, башчыларыбызга адилеттүүлүк, күч кубат берсин. Ушул курмандык чалуубузду, түлөөбүздү Алла Таалам кабыл кылсын», — деди муфтий Максат ажы Токтомушев.

Түлөөгө 1 бодо мал союлду. Анын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеринде таратылды. Мындай түлөө Муфтияттын түзүмүндөгү облустук бардык казыяттарда өткөрүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18