24.kg
13:47, 10 июля 2020, 24.kg

Дональд Трамптын мунарасынын алдында каралардын нааразычылык сүрөтү тартылды

Нью-Йоркттун тургундары Дональд Трамптын мунарасынын алдына «Каралардын жашоосу дагы маанилүү» деген таризде жер бетине сүрөт тартышты. Бул тууралуу BBCnews маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык Америкадагы актар жана каралар деген рассалык бөлүнүүдөн улам келип чыккан.

Иш-чарага катышкандардын айтымында, алар актардын үстөмдүгүнөн жана расизмден ушундай жол аркылуу кутулууну туура көрүшкөн.

«Буга чейин Дональд Трамп бул жек көрүүнүн символу деп атаган. Буга карабастан шаар тургундары бул жазууну ар бир аймакка тартууну пландашууда», — деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18