24.kg
12:44, 10 июля 2020, 24.kg

Чет өлкөгө бет кап сатуу. Алтынай Өмүрбекова, Космосбек Чолпонбаев сурак берет

Мурдакы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдакы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, аткминерлерге айрым фармкомпаниялардын кызыкчылыгын коргоо айыбы тагылууда.

24.kg өздүк булактарынын билдирүүсүндө, Космосбек Чолпонбаев медициналык каражаттарды чет өлкөгө сатууга шектелүүдө.

Аткаминерлер жеке коргонуучу кийимдер менен бет каптарды сатышкан.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда февраль айында үч күндө бир киши 500 миң бет кап сатып алганы айтылган.

13-мартта укук коргоо органдары чек арадан 1,4 миллион даана бет капты Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө аракеттенген жүктү кармаган.

19-мартта Жогорку Кеңеште экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө 3,5 миллион бет капты бирөө бир күндө сатып алганын айткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирусту киргизбөө үчүн Республикалык штаб январь айында түзүлгөн. Аны башкарууга социалдык тармакты жетектеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дайындалган.

13-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру катталып, бир катар аймактарда абал курчуган.

30-мартта Коопсуздук кеңештин жыйынында лабораториялар даяр эместиги, тест жүргүзүүгө раегенттер сатылып алынбаганы белгилүү болуп, жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаев жумуштан бошотулган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18