24.kg
12:36, 10 июля 2020, 24.kg

Фейктер билдирүү жазып. Президенттин кайрылуусунун эмнеге өчүрүлгөндүгү айтылды

Президенттин пресс-кызматы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун видео кайрылуусун эмне үчүн өчүрүүгө мажбур болгондугу тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

Өлкө башчысынын пресс-кызматынын маалыматында, Youtube каналына жүктөлгөн видеонун астына билдирүүлөрдун көпчүлүгү фейк аккаунттардан жазылган. 

«Видео кайрылуу алдындагы туура эмес жазылган билдирүүлөрдүн көп байкалгандыгына байланыштуу өчүрүлдү. Аны менен катар билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү аймак аралык кастыкты козутууга багытталган. Ошондой эле жарандын ар-намысына шек келтирилген. Билдирүү калтыргандардын көбү өз аты менен кирген эмес, ошондуктан видеону өчүрүп, кайра билдирүү функциясын өчүрүп туруп жүктөөгө туура келди. Белгилей кетүүчү нерсе, видео башка ресурстарда, президенттин сайтында жана Facebook расмий баракчасында сакталган», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Сооронай Жээнбековдун кайрылуусу дээрлик бардык ММКларда жарыяланган. Жада калса социалдык тармактарда, мессенджерлерде кенен жайылып кеткени баарыбызга маалым. Ошондой эле президенттин пресс-кызматы расмий сайттын Youtube каналына дагы жүктөгөн. Өлкө башчынын элге болгон кайрылуусу кызуу талкуу жаратып, бири колдоого алса, экинчиси катуу сынга алгандыгына байланыштуу каналдан видео ыкчам түрдө өчүрүлгөн. Себеби, билдирүү калтыргандардын көбү өз атынан жазган эмес.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18