24.kg
10:47, 10 июля 2020, 24.kg

Көбүнчө Чүй облусунун медиктери вируска чалдыгууда

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 80 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.

Чүй облусунун медиктеринин арасында вирусту жуктуруу күч. Бул аймакта иштеген медициналык кызматкерлеринин 26 бир суткада вирус табылды.

Бишкек шаарында — 17, Ош шаарында — 9, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 5, Талас облусунда — 1 медицина кызматкеринен вирус табылды.

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 1450 учур катталды, алардын ичинен 536 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18