24.kg
19:33, 09 июля 2020, 24.kg

Бишкектеги күндүзгү стационарлар жардамдын бардык түрүнө муктаж

Бишкектеги күндүзгү стационарлар колдоого муктаж. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, стационарларда жабдуулар жетишсиз, дары-дармектер, коргонуучу каражаттар, андан сырткары дарыгерлер менен ыктыярчыларга бергенге тамак-аш тартыш.

Бишкек мэриясы жарандарды жардам берүүгө чакырды.

«Эгерде кимде-ким стационарларга жана кызматкерлерге жабдуу, дары-дармек, жеке коргонуучу каражат жана тамак-аш жактан жардам көрсөтөм дегендер бизди караган райондордун акимдеринин орун басарларына кайрылсаңыздар болот», — деп жазылат чакырыкта.

Биринчи май району — 0990999444, Аида Жолочуевна;

Октябрь району — 0559038585, Айнура Жанышевна;

Свердлов району — 0999855558, Асель Садыковна;

Ленин району — 0555184328, Жамал Бекмурзаевна.

Photo 169907

Бишкектеги тогуз күндүзгү стационар оорунун жеңил түрү менен ооругандарды карайт. Иш убактысы 8:00дөн 22:00гө чейин. Жарандар күн сайын куйма дары сайдырып, медиктерге кеп-кеңештерди ала алышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18