24.kg
18:28, 09 июля 2020, 24.kg

Ошко Санкт-Петербургдан 184 кыргызстандык кайтып келди

Ошко Санкт-Петербургдан 184 кыргыз жараны кайтып келди. Алардын ичинде жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, алар «Ураль авиалиниясы» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург — Ош каттамы аркылуу келишкен.

Келгендердин арасында төрөтү жакындап калган аялдар, жаш балдар жана катуу оруп жаткандар бар.

Санкт-Петербургдан келгендер ал жакка хирургиялык операция жасатуу үчүн ж.б. медициналык көрсөтмөлөр аркылуу барышкан. Ошондой эле туугандары, жакындары кайтыш болуп кеткен жана зарыл болгон жарандар кайтып келишти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18