24.kg
17:15, 09 июля 2020, 24.kg

Казак жараны өлкөдөн вируска каршы дары-дармектерди алып чыгууга аракет кылган

Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз дары-дармектерди экспорттоого аракет кылган казак жараны кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Чалдовар-автожол» өткөрүү пунктунда кармалган «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа Казакстандын жаранынын көзөмөлүндө болгон. Текшерүү маалында, унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн алма салынган кутучалардын алдынан вируска каршы дары-дармектер салынган кутучалар табылган. Жалпысынан тиешелүү коштоочу документтери жок 520 кап эуфиллин жана 460 кап левомак алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан.

«Жогоруда көрсөтүлгөн товарларга тиешелүү зарыл болгон процедуралар көрүлүп, унаа атайын унаа токтотуучу жайга токтотулду. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», — деп берилет маалыматтта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18