24.kg
16:32, 09 июля 2020, 24.kg

Ошто милициянын капитаны Улукбек Умаров коронавирус илдетинен улам каза болду

Ош шаарында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага инспектору, милициянын капитаны Улукбек Умаров коронавирус илдетинен улам көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалым болгондой, Улукбек Умаров коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканада дарыланып жаткан.

«Буга чейин Улукбек Умаров жубайы экөө коронавирус илдетинен улам ооруканага жаткырылган. Бирок ал эмнеден улам каза болгону тууралуу расмий түрдө бизге кабарлана элек», — дейт Замир Сыдыков.

Маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18