24.kg
16:08, 09 июля 2020, 24.kg

Президенттин кайрылуусу: 30 жылдан берки топтолгон көйгөй деп актануу учуру эмес

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстанда күч алып жаткан коронавирус илдетине байланыштуу элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Президенттин кайрылуусунда, 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актануучу, күнөөлөөчү убак эмес. 

 

«Урматуу мекендештерим! Илдеттин кесепетинен күн сайын ондогон мекендештерибизден айрылып жатабыз. Жакындарын жоктоп, аза күтүп жаткандардын кайгысын тең бөлүшөбүз. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери өлкөнүн саламаттыгы үчүн илдет менен бетме-бет күрөшүшүүдө. Журт башына түшкөн бул илдет биздин ынтымагыбызды, биримдигибизди сыноодо. Эл баатырлары колунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышат. Мындан ары да бири-бирибизди колдоо менен бул кыйынчылыктарды бирге жеңебиз», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өлкөдөгү ар бир жарандын өз милдети бар. Ар бир ата-эне балдарынын коопсуздугуна жооп берет, ар бир жаран жакындарынын коопсуздугун сактоого милдеттүү. Мен дагы жалпы журттун коопсуздугу үчүн милдеттүүмүн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар кандай такталбаган маалыматтарды таратпоого үндөдү.

«Эл ичинде коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн чет элден келген каражаттарды бийликтегилер жеп койду деген такталбаган маалыматтар тарап жатат. Өкмөт ар бир жумшалган каражат тууралуу ачык отчет тапшырып жатат. Мамлекеттин казынасына кол салгандарга аёосуз жаза колдоноорумду баарыңыздар жакшы билесиздер. Биз талап-тоноого жол бербейбиз», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18