24.kg
12:04, 09 июля 2020, 24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев пневмония илдетинен сакайды

Мурдакы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев пневмония оорусунан сакайды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которулат.

атайын кызматтын маалыматы боюнча, анын абалы канааттандырарлык.

«Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандыраарлык. Дарыгерлердин кеңешмесинин негизинде Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайга которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болот», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталган. Ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында дарыланды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18