24.kg
11:55, 09 июля 2020, 24.kg

Баткенде ооруканадан качып кеткен бейтап коронавирустан каза болду

Баткен шаарынын тургуну 1964 жылы туулган Б.Ш. аттуу бейтап каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнин пресс-кызматы маалымдады.

Алардын айтымында, бейтап Баткен облусттук бириккен ооруканасынан 6-июлдан 7-июлга караган түнү качып кеткен. Натыйжада 8-июлда көз жумду.

Маалыматка ылайык, маркумдун үйү карантинге алынган. Ооруканадан качып кеткенден кийин милиция кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте үйүнө барышкан. Ал дарылануудан баш тарткан. 

«Б.Ш. атту жаран облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмөнүн качып кеткен. Маркум 2-июлда Бишкектен келген жана анын анализинен коронавирус аныкталган. Ошол эле күнү ооруканага жаткырылган, ал эми 7-июль түнү өзгөчө абал режимин бузуп, илдеттен толук айыкпастан качып кеткен. Факт Баткен шаардык ИИБне Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 127-1 беренеси боюнча катталган», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18