24.kg
11:32, 09 июля 2020, 24.kg

Кара-Балтадагы коллеждин директору Түркмөн уулу Тилек көз жумду

М. Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык коллеждин директору Түркмөн уулу Тилек мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, маркум мындан төрт күн мурун 55 жашка толгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда Түркмөн уулу Тилек пневмония илдетинен улам көз жумган.

Түркмөн уулу Тилек 1965-жылы 4-июлда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. 1982-жылдын 1989-жылга чейин Фрунзедеги политехникалык институтунун энергетика адистигине окууга тапшырып, аны үлгүлүү бүтүрүп, «инженер-электромеханик» кесибине ээ болгон. Эмгек жолун 1989-1990-жылдарда Жайыл районунун «Новая путь» колхозунда жөнөкөй энергетик катары иштен баштаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18