24.kg
11:14, 09 июля 2020, 24.kg

16 жаштагы Бекзат Тешебаевге издөө салынат

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 16 жаштагы Бекзат Тешебаевге издөө салынат. Бул тууралуу райондук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын айтымында, 2020-жылдын 3-июлунда Көк-Жар айылынын 16 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен боюнча үйүнө кайтып келген эмес.

Photo 169807

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы сары, көзү күрөң, муруну кырдач.
Кийген кийимдери: кара кепка, бос түстөгү көйнөк, кочкул көк түстөгү спорттук шым, бутунда көк түстөгү сандал.

Педагогикалык өрчүүсү начар.

Милиция кызматкерлери Бекзат Тешебаевди көргөн-билгендер болсо 0312430127, 0312438885, 0312363527, 0312363523, 0709211808, 0550343363, жана 0778000999 номурларына маалымдап коюуңуздарды өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18