24.kg
10:48, 09 июля 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министри менен анын орун басарынын вируска анализи чыга элек

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска анализ тапшырышты. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин министр жана анын эки орун басары ооруп жатканы маалымдалган.

Айнура Акматованын айтымында, Сабиржан Абдыкаримов менен Нурболот Үсөнбаев гана сыркоолоп жатат. Экөөнүн тең абалы канааттанырарлык.

«Учурда экөө тең ооруканада. Алар вируска анализ тапшырышты. Жыйынтыгын маалымдайбыз», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18