24.kg
15:07, 08 июля 2020, 24.kg

Азиз Суракматов: Азыр туугандар менен катташа турган убак эмес

«Коронавирус илдети басаңдаганча же вируска каршы вакцина иштелип чыкканча биз барыбыз тартипти катуу сакташыбыз керек», — дейт Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүнкү брифингде.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жөн эле себеби жок көчөгө чыгууга болбойт. Жакшысы шаарга чыкпай, жакындарыбыз жана туугандарыбыз менен катташпай турганыбыз оң.

«Азыр улгайган жана өнөкөт оорулары бар адамдарды изоляциялоо өтө маанилүү, аларга бөтөнчө кам көрүп, өзүн-өзү изоляциялоо режимин камсыз кылуу керек. Чыдап тургула, балдарды үйдөн чыгарбагыла. Ооба, алардын дагы короого чыгып ойногулары келип жатат. Бирок, балдарды эшикке кое берүү менен анын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтиресиз», — дейт Азиз Суракматов.

Ошондой эле Азиз Суракматов, өлкө коронавирустун жайылышынан улам акыркы айларда ар кандай чектөөлөрдүн баскычтарынан өткөндүгүн кошумчалады. COVID-19 вирусу бардык жарандарды кадимки жашоо нугунан баш тарттырып, чектөөлөрдү кабыл алууга мажбур кылды, аны менен катар көбүнүн жумушуна жана ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18