24.kg
14:30, 08 июля 2020, 24.kg

Ырчы Гүлнур Асанова коронавируска каршы күрөшүү үчүн 100 миң сом которду

Ырчы Гүлнур Асанова коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн өз атынан 100 миң сом которду. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Гүлнур Асанова 100 миң сомду «Мээримдүү энелер» кайрымдуулук жамаатына которгон.

«Кыргыздын кызы катары мен дагы өз салымымды кошууну туура көрдүм. Мындай учурда четте карап туруу мүмкүн эмес. Өзүмдүн атымдан 100 000 сом «Мээримдүү энелер» кайрымдуулук жамаатына котордум. Жамаат видео отчет жөнөтөт. Өзүм ден-соолугума байланыштуу бул жүрүшкө кошо бара албай турам. Оору менен күрөшүүгө туура келип жатат», — деп жазган.

Эске сала кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу шоу-бизнес өкүлдөрү бир катар кайрымдуулук иштерин жасашып, кычкылтек концентраторун алууга акча топтошууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18