24.kg
14:14, 08 июля 2020, 24.kg

Жогорку сотто коронавирус аныкталды. Соттук отурумдар токтотулат

Жогорку соттун аппарат кызматкеринен жана соттон коронавирус аныкалды. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашов 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бардык белгиленген сот отурумдары токтотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар юристтер Жогорку соттун төрагасы Гүлбар Калиевадан өлкөдө эпидемиологиялык абал кескин курчуп кеткендигине байланыштуу бардык соттордогу соттук териштирүүлөрдү убактылуу токтотууну суранышкан.

Өздүк булактардын маалыматтарына караганда, Октябрь райондук соту карантинге жабылды. Алдын ала маалыматтар боюнча соттордун биринен коронавирус аныкталган.

Биринчи май районунда эки тергөөчү пневмония илдетине кабылгандыгы белггилүү болгон. Бирок сот процесси үзгүлтүккө учурабайт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18