24.kg
13:37, 08 июля 2020, 24.kg

Улуу Британияда сүйүшкөндөр үчүн аралыкты сактоо жүрөкчөлөрү пайда болду

Улуу Британиянын Бристоль шаарында сүйүшкөндөр үчүн эс алуучу парктардын биринде аралыкты сактоо жүрөкчөлөрү пайда болду. Бул тууралуу BBCNews маалымат булагы жазып чыкты.

Маалым болгондой, жүрөкчөлөрдүн аралыгы бири-биринен алыс жана эки адамга ыңгайлашылган.

«Жергиликтүү ишканалар социалдык аралыкты сактоо менен коопсуз шаарды түзүү демилгесин сунушташкан. Жакында бардык облустардын эс алуу парктарында дал ушундай жүрөкчөлөрдү орнотуу пландалууда», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзүндөгү коронавирус илдетине байланыштуу социалдык аралыкты сактоо чечими бардык өлкөдө кабыл алынган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18