24.kg
10:57, 08 июля 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Пневмонияны аныктоо үчүн рентген жетиштүү

Пневмонияны аныктоо үчүн рентген жетиштүү. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын кесепетинен пайда болгон пневмонияны аныктоо үчүн компьютердик томография милдеттүү эмес.

«Ооба учурда медиктердин көпчүлүгү бейтаптарды компьютердик томографияга жөнөтүп жатат. Кээ бир адамдар өз алдынча барып түшүп жатышат. Рентген негизи пневмонияны аныктап, дарылоого жетиштүү», — дейт ал.

Белгилей кетсек, окмундардын айтымында, бейтапкана жана ооруканаларда компьютердин томографиянын жыйынтыгын талап кылып жатышат. Жеке менчик лабораториялардын алдында узун кезек түзүлүп, баасы 3 миң сомдон ашыкка баланууда.

Март айынан бери 3 миң 696 пневмония катталып, анын 1 миң 907и айыкты. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18