24.kg
10:38, 08 июля 2020, 24.kg

Чыныбай Турсунбековдун кызы Сеид Атамбаевден калпты токтотууну суранды

Пневмония илдетинен улам көз жумган Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы экс-президен Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидди жалганчы деп айыптоодо.

«Менин атамдын өлүмүн өзүңөрдүн саясий оюнуңарга аралаштырбоону суранат элем. Адам болгула жана атамдын жайына тынчтык бергиле. Сеид Атамбаевдин жазып чыккандарынын баары жалган!», — деп жазган Айдай Турсунбекова өзүнүн Fecebook баракчасына.

Бир күн мурун Сеид Атамбаев социалдык тармактарга, Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы социал-демократтарды жашыруун колдоп келгенин жана жакынкы аралыкта ал «Социал-демократтар» партиясына кошулуусу тууралуу жарыялоого даярданып жаткандыгы тууралуу жазган.

Айдай Турсунбекова Сеид Атамбаев жооп берип, өз сөзүн ырастоого даяр экенин билдирди.

«Бул боюнча депутат Анвар Артыков жана Ирина Карамушкина менен сүйлөшүлгөн. Чыныбай Турсунбеков кайсы бир кылмыш иштери боюнча дагы айткан эле. Балким ал сиз, Айдайга байланыштуу иштер болсо керек», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18