24.kg
10:20, 08 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Кыргызстанда вирус аныкталгандардын саны 8 миң 486га жетти

2020-жылдын 8-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 345 учур катталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Вирустун жайылышы боюнча Бишкек шаары дагы эле алдында. Бир суткада ордо калаада 183 адамдан вирус аныкталган.

Чүй облусунда — 51, Ош шаарында — 22, Ош облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 23, Баткен облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 24, Нарын облусунда — 14 кишинин анализинен вирус табылды.

Республика боюнча 8 миң 486 киши вирус жуктурду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18