24.kg
10:17, 08 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 57 өлүм катталды. Бишкекте 35 киши кайтыш болду

Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан жана 44 киши пневмониядан каза болду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдети ырасталган бейтаптардын ичинен Бишкекте бешөө кайтыш болду.

«Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 67 жаштагы киши, № 6 Шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы киши, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 69-55-70 жаштагы үч адам каза болду», — дейт ал.

 

Чүйдө вирус жуктурган төрт киши набыт болду.

«Жайыл аймактык ооруканасында 63 жаштагы эркек, 2 59 жана 70 жаштагы аялдар, Москва аймактык ооруканасынан 49 жаштагы аял киши каза болду», — дейт ал.

Андан тышкары, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы, Жалал-Абад облустук ооруканасында 53 жаштагы, Ат-Башы аймактык ооруканасында 64 жана 55 жаштагы бейтаптар көз жумушту.

Бир сутка ичинде пневмониядан 44 бейтап набыт болду, алардын 30у Бишкек шаарынын тургундары.

Март айынан бери Кыргызстанда вирустан жалпы 112у, пневмониядан 268 адам кайтыш болду.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18