24.kg
15:00, 07 июля 2020, 24.kg

Кубатбек Боронов: ИВЛ аппаратынын жетишсиздиги боюнча курч маселе жок

Бул жумада Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынып келинет. Бул тууралуу премьер-миниср Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү 200дү, ал эми 300 концентратор жуманын аягында келет.

«Буга чейин 500 кычкылтек концентратор алынып келинген. Дагы 500дү алдырып жатабыз. Биз Бишкектеги кычкылтек концентраторлордун жетишсиздигин ушинтип чечбиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бизде 570 аппарат бар», — дейт Кубатбек Боронов.

Ал кошумчалагандай, өкмөт дагы 200 ИВЛ аппарат сатып алууну пландап жатат.

"Бирок азырынчаа алардын жетишсиздиги боюнча өтө курч маселе жарала элек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, бизде 570 аппарат бар",- дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18