24.kg
14:23, 07 июля 2020, 24.kg

Өлкөгө пандемиядан улам жалпы 20 миңден ашуун кыргыз жараны кайтып келди

COVID-19 вирусу күч алгандан тартып өлкөгө 20 миңден ашуун кыргызстандык кайтып келген. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев брифингде маалымдады.

Анын айтымында, мекендештерди өлкөгө алдырып алуу үчүн Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери жана башкы консулдук кызматтар күнү-түнү иш алып барышууда.

«Чоң жардамды жана колдоону диаспоралар, мекендештердин бирикмелери жана жөнөкөй жарандар көрсөтүп жатат», — дейт ал. 

Ал белгилегендей, жакында убакта Стамбулдан, Москвадан, Новосибирсктен, Екатеринбургдан жана Минскден жарандарды алып келүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18