24.kg
11:59, 07 июля 2020, 24.kg

Бишкекке Екатеринбургдан 218 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан 218 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, кыргызстандыктар бүгүн «Урал авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Екатеринбург — Бишкек каттамынын чартердик рейси аркылуу келишкен. Алардын арасында жаш балдар дагы бар.

Андан тышкары, бул каттам менен Башкы консулдуктун жарандык активисттери жана кызматкерлери тарабынан гуманитардык жардам катары, жалпы суммасы 4300 АКШ долларын түзгөн кычкылтек концентраторлорун, глюкометрлер, пульсикометрлер жана жеке коргонуу каражаттары жиберилген.

«Кыргызстанга келген жарандардын баары медициналык көзөмөлдөн өтүшөт жана обсервацияга жайгаштырылат. Чек жактагы мекендештерди Кыргызстанга алдырып келүү иши уланууда», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18