24.kg
11:24, 07 июля 2020, 24.kg

Сабырбек Жумабеков: Асел Кадырбекова кичине сүйлөп баштады

Ырчы Асел Кадырбекова өзүнө келип, акырындан сүйлөй баштады. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков маалымдаган.

Анын айтымында, Асел Кадырбекованын жанында дайыма апасы болот жана ал реанимациядан жеке палатага которулду.

«Асел бир аздан сүйлөй баштады. Анын жанында дайыма апасы болот жана ал апасын жана башка адамдарды тааный баштады, бирок көбүнчө уйкуда болот.», — дейт Сабырбек Жумабеков.

Буга чейин Асел Кадырбекова түтүкчө аркылуу тамактанган болсо, бүгүнкү күндө кашык менен тамактанып жатат.

Эске сала кетсек, Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун маалыматында, моюн омурткасы, акыреги сынып, башынан жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18