24.kg
10:35, 07 июля 2020, 24.kg

Ысык-Ата районунда жол кырсык катталып, бир адам каза болду

Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан улам бир адам каза болуп, үч адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма-сөз кызматы маалымдады.
 
Белгилүү болгондой, Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Ленин көчөсүндө «ВАЗ-2107» жана «Mercedes-Sprinter» унаалары сүзүшкөн.
 
«Жол кырсыктан 1997-жылы туулган бала каза болуп, үч адам жабыркаган. Уччурда өздүк маалыматтары такталууда. Окуя болгон жерге ӨКМдин № 27 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп берилет маалыматта.
 
Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18