COVID-19. Өлкөдө суткада 36 киши набыт болду. Анын 20сы Бишкекте кайтыш болду
Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 85 жаштагы 1 эркек киши, Ош облустар аралык ооруканасында 79 жашта жана 62 жаштагы киши набыт болду.
Андан тышкары, Ысык-Көл облустук ооруканасында 61 жаштагы врач-педиатр, Жалал-Абад облустук ооруканасында 58 жаштагы, Талас облустук ооруканасында 61 жаштагы, Жайыл аймактык ооруканасында 57 жаштагы киши набыт болду.
Март айынан бери пневмониядан 224 адам, коронавирустан 99 адам набыт болду.