24.kg
09:59, 07 июля 2020, 24.kg

Караколдо коронавируска каршы күрөшүү үчүн 6 миллион сом бөлүндү

Караколдо коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 миллион 980 миң сом которулду. Мындай чечим шаардык кеңештин кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Такталгандай, бөлүнгөн акча мобилдик топтун дарыгерлерин жеке коргонуучу каржаттар менен камсыз кылууга, кычкылтек концентратор, антисептик жана төшөнчүлөрдү алууга багытталган. 

Караколдогу облустук ооруканада эки ИВЛ аппараты жана он кычкылтек концентратору иштеп жатат. Сатылып алынган жабдуулар тездик менен облустук ооруканада коронавирус илдетинен жана пневмониядан дарыланып жаткан бейтаптарга жеткирилет.

Саламаттык сактоо министрилигинин 6-июлга карата берген маалыматына ылайык, Караколдо 21 бейтап дарыланууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18