24.kg
16:49, 06 июля 2020, 24.kg

Мурдакы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды

Мурдакы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыш менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 2020-жылдын март айында жемкорлук жана айрым фармацевдикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы менен иш козголду.

Белгилей кетсек, пандемия учурунда дары-дармектерге болгон баа кескин көтөрүлдү.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылы Саламаттыгы сактоо министрлиги болуп дайындалган.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы толкуну каптагандан кийин өлкөдө даярдык жоктугу белгилүү болот. Коопсуздук кеңешинин жыйынында отчеттордо айтылган атайын лаборатория даярдалбай, анализ жүргүүзүүгө тесттер сатылып алынбаганы белгилүү болот. Президент Сооронбай Жээнбековдун сын-пикиринен кийин Космосбек Чолпонбаев 2020-жылдын 1-апрелинде өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Космосбек Чолпонбаевдин өзүнүн жеке фармацевдик компаниясы бар. Ал Кыргызстандагы фармацевдердин биримдигин дагы жетектейт. Анын мурдакы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен достугу дагы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18