24.kg
16:00, 06 июля 2020, 24.kg

Алдын-ала медиктер даярдалган эмес. Президент Республикалык штабдын ишин сындады

Калк алгачкы медициналык жардам ала албай жаткандыгы үчүн президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабдын ишин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн видеоконференция аркылуу өткөн жыйында билдирди.

«Силер кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барган жоксуңар жана кризис башталган кийин гана адистерди мобилизациялай баштадыңар», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы дарыгерлер коргоочу каражатсыз калгандыгын айтып, буга Саламаттыкты сактоо министрлиги жооптуу экендигин эскертип өттү.

«Бүт дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселелердин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүүсүз», — деди ал.

Президент медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөн берүүнү буйруду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18